17:19, 25 августа 2021, 24.kg

Дүйнөлүк банк Ооганстанга жардам берүүнү токтотту

Дүйнөлүк банк Ооганстандагы кырдаалга, талибдердин өлкөнүн өнүгүү келечегине, айрыкча аялзатына карата мамилесине терең тынчсызданарын билдирди. Буга байланыштуу Дүйнөлүк банк Ооганстанга финансылык жардам көрсөтүү токтотулганын жарыялады, деп жазат «Азаттык».

«Биз Ооганстандагы долбоорлорду колдоо боюнча төлөмдөрдү токтотуп, андагы кырдаалга байкоо жүргүзүп, абалды улам баалап турабыз», — деди AFP агенттигине Дүйнөлүк банктын өкүлү.

Анын айтымында, банк эл аралык коомчулук жана өнөктөштөр менен биргеликте өлкөдө түзүлгөн кырдаалга карата өз ара кеңешип, иш алып барат.

Ошондой эле, Дүйнөлүк банк Ооганстанды өнүктүрүүдө кыйынчылык менен келген жетишкендиктерди сактап калуу маселесин изилдеп жатканы айтылды.

Дүйнөлүк банк Ооганстанды өнүктүрүү боюнча 20 долбоорду ишке ашырат. Бул үчүн банк 2002-жылдан бери Ооганстанга кайтарымсыз грант түрүндө 5,3 миллард доллар бөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18