10:36, 24 августа 2021, 24.kg

Баалуу металл жана катализаторлорду ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагынан катализаторлорду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 3815), металлдарды камтыган шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2620), баалуу металлдардын же баалуу металлдар менен капталгандардын калдыктарын жана сыныктарын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 7112), катализаторлор бар болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 870892) ташып чыгууга (экспорттого) убактылуу тыюу салынды.

Убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдардын абага булгануусун азайтуу менен адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого багытталган.

Бажы жана чек ара кызматтарына көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18