17:42, 23 августа 2021, 24.kg

Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүүдө чектөө киргизилди

Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүү боюнча убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу 23-августта өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, мындай чара Ооганстандагы соңку аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын аймагына кирбеши керек болгон адамдардын өтүүсүнө жана баш калка издеп жаткандардын жапырт кирип келүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынды.

Дипломатиялык жана расмий делегациялардын мүчөлөрүнө кызматтык визалар кадимки тартипте берилүүдө.

Ал эми ооганстандык студенттерге виза берүү маселеси макулдашуу стадиясында экени маалымдалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18