15:13, 23 августа 2021, 24.kg

Тажик-кыргыз чек арасында унааларды ташбараңга алгандар текшерилет

22-августка караган түнү Ош — Баткен — Исфана жолунун Көк-Таш айылына жакын, Тажикстан менен чек араны бойлоп өткөн бөлүгүндө бараткан эки автоунаага таш ыргытылган. Бул окуя боюнча «майда бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, иликтөө башталганын Баткен ОИИБнын басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Азаттык» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, чек арадагы окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Баткен райондук ички иштер бөлүмү тажикстандык укук коргоо органдары менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Баткендеги Көк-Таш айылына караштуу Эки-Таш аймагындагы Ош-Баткен-Исфана жолунун Тажикстандын калктуу конушуна жакын жерден белгисиз бирөөлөр кыргызстандык автоунааларга таш ыргыткан.

Натыйжада Mersedes Benz үлгүсүндөгү машиненин эшиги, Honda Stream машинесинин айнеги талкаланган. Жүргүнчү жана айдоочулар жабыркаган эмес.

Ош — Баткен — Исфана жолунун окуя болгон бөлүгү Тажикстан менен чек араны бойлоп кеткен.

Буга чейин 21-августта эртең мененки саат ондордо «Головной» тилкесинин жанында тажик тарап жол оңдоо ишин баштап, мамлекеттик чек ара сызыгы өткөн жерге жакын шагыл түшүргөн.

Андан кийин Тажикстандын жарандары Ак-Суу дарыясынын батыш тарабынан траншея (аң) каза баштаган. Бул иш-чара Исфара (Тажикстан) шаар башчылыгы тарабынан жүргүзүлгөнү аныкталды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бул иш токтотулган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18