15:03, 20 августа 2021, 24.kg

Ооганстандан Кыргызстанга качкындар келбегенин УКМК билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы Кыргызстанда социалдык тармакта талкууланып жаткан «өлкөгө Ооганстандан келген качкындар көбөйдү» деген маалыматтарды төгүндөдү.

«Кыргызстандын Ооганстан менен жалпы чек арасы жок. Ошентсе да кыргыз чек арачылары Ооганстандын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чегиндеги абалды көзөмөлдөп турат. Коңшу өлкөлөр менен маалымат алмашуулар жүрүүдө», — деп билдирет аталган бөлүм.

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасында коопсуздук көзөмөлдө деп билдирди. Ооганстандын жарандарына Кыргызстанга кирүү үчүн виза режими жөнөкөйлөтүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча жылына оогандыктар Кыргызстандан виза алуу үчүн 300дөн 500гө чейин документ тапшырышат. Алардын 300дөйү билим алуу үчүн виза тапшыргандар.

Буга чейин Ооганстандагы абал курчуганына байланыштуу кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө өлкө катары Ооганстандагы памирлик 1 миң 200дөй кыргызды кабыл ала аларын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18