09:18, 20 августа 2021, 24.kg

Акжол Махмудов Олимпиадада кийген трикосун аукционго койду

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудов Instagram баракчасы аркылуу мамлекеттен алчу акчасын эмнеге жумшай турганын жазды.

Махмудов Олимпиадада алтын алуу жана муктаждарга жардам берүү анын бала кезден берки кыялы болгонун белгилеп, өзүнүн Олимпиадада кийген трикосун аукционго коюп жатканын да жазган.

«Бүгүн бала кездеги кыялымды ишке ашыруу үчүн кайрымдуулук ишмердүүлүгүмдө алгачкы кадамды баштап жатам. Азырынча Олимпиадага кийген кийимимди аукционго коюп гана ишти баштай алам. Кааласаңар ал жакка кол тамгамды калтырам. Андан түшкөн каражаттын баарын кайрымдуулук фондуна берем. Сураныч, мени колдоп бергиле! Жакын арада кайрымдуулук иштерин жасоого мындан да башка мүмкүнчүлүктөр пайда болот деп үмүттөнөм. Эгер аукционду Бишкек шаарынын тургуну утуп алса, кийимди өз колум менен тапшырам. Баштапкы баасы 50 доллар», — деп жазган спортчу.

Ал аукцион август айынын аягына чейин (31-август 20:00) улана турганын айтып, бааларды посттун алдына жазса болорун кошумчалаган.

Photo 224090

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн чебери 22 жаштагы Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын финалына чыгып, күмүш медаль тагынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18