16:26, 19 августа 2021, 24.kg

Бишкекте жаңы автобустук каттам ачылды

Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкек Чыгыш автобекети — жугуштуу илдеттер ооруканасы багыты боюнча автобустук каттам иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Бишкек транспорт башкармалыгы шаардыктардын өтүнүчү менен № 2 автобусттук маршрутун ишке киргизди. Ал чыгыш автобекетинен Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына чейин түз барат. Мындан сырткары, «Учкун», «Тунгуч» кичи райондорунан да өтөт.

«Жугуштуу илдеттер ооруканасында коронавирус жуктуруп дарыланып жаткандардын жакындарына жеңил болуш үчүн № 2 автобустук маршрут каттай баштады», — деп айтылат маалыматта.

Аталган каттамда бүгүн, 19-августтан тарта, 12 автобус иштей баштаганы кошумчаланды.

Photo 224048

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18