16:22, 19 августа 2021, 24.kg

Жалал-Абадда бир үйдө жашаган 43 тилемчи кармалды

Жалал-Абад шаарында «Тилемчи» рейдинин жүрүшүндө кайыр сурап жүргөн 43 адам ижарага алынган бир үйдө жашап келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 43 кайырчынын ичинен 24ү Өзбекстандын Бухара жана Кашка-Дарыя облустарынан келген. 19у Ош облусунун Кара-Суу районунан келген лөлүлөр экендиги такталды.

«Коомдук жайларда кайыр сурап жүргөндөрдүн улуусу 70 жаштагы карыя, кичүүсү 18 жашта. Алардын арасында майыптары да болгон. Кайыр сурагандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, туруктуу жашаган аймактарына жиберилди», — деп айтылат маалыматта.

Рейдди шаардык мэрия кызматкерлери менен социалдык адистер жүргүзгөн.

Photo 224046

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18