24.kg
12:50, 17 августа 2021, 24.kg

Бишкектеги унаа токтотуучу жайларда мыйзамсыз акча чогулткандар кармалды

«Бишкек унаа туруктары жана токтотмолору» муниципалдык ишканасынын адистери мыйзамсыз операторлордун ишмердүүлүгүн алдын алуу боюнча рейд өткөрүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Рейд Шопоков көчөсү боюнча Москва көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин рейд жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө унаа токтотуучу жай үчүн шаардыктардан мыйзамсыз акча чогулткан адамдар аныкталды. Буга чейин ишкананын адистери бул адамдарга алардын иш-аракеттеринин мыйзамсыздыгы тууралуу бир нече жолу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн, бирок эртеси эле алар кайра шаар көчөлөрүнө чыгып жатышкан.

Мыйзамсыз операторлор Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди, аларга карата мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Эгерде операторлор атайын жилеттер менен жабдылбаган болсо жана төлөм талону берилбесе, социалдык түйүндөр аркылуу видео жана фото фактылар менен «Бишкек унаа туруктары жана токтотмолору» муниципалдык ишканасына кайрылыңыздар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18