24.kg
12:47, 17 августа 2021, 24.kg

Улукбек Марипов Паралимпиадалык курама командасын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Паралимпиадалык курама командасын кабыл алды.

Ал спортчуларга ийгиликтүү катышууну жана жаңы жеңиштерди каалады.

«Спорт адамдарды бириктирет, эркти чындайт жана бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Спорттук жыйынтыктарыңыздар менен сиздер кандай гана кыйынчылык болбосун жеңе алаарыңыздарды далилдедиңиздер, жеке үлгүңүздөр менен, сиздер эрктин жана коюлган максатка умтулуу эмне экенин көрсөттүңүздөр. Алдыда боло турган Паралимпиадалык оюндарда бүтүндөй кыргыз эли сиздерди колдойт. Ийгиликтүү катышыңыздар», — деди Улукбек Марипов жана Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арыстанбек Базаркуловго Кыргыз Республикасынын желегин тапшырды.

Эске салсак, 2021-жылдын 24-августунан тартып 5 -сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар Токиодо өтөт.

Ата мекендик спортчулардын арасында алдыдагы мелдештерге лицензияларды эки адам утуп алды: пара-жеңил атлетика боюнча (ок атуу) Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18