24.kg
15:08, 16 августа 2021, 24.kg

Кыргызстан Ооганстанга гумжардам катары 500дөй студенттик виза бергенгенге даяр

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

«Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандырган нерсе — ооган жаштарынын, айрыкча аялдардын тагдыры. Алар кыргыз жаштары сыяктуу заманбап билим алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөө үчүн талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат. Биз өлкөнүн экономикалык жашоосу шал болуп, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз», — деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

Кыргызстанда окууну каалаган ооган студенттери Кыргызстанга келүү, турак-жай табуу, окуган университетин тандоо иштерин өз алдынча чечиши зарыл.

«Талибан» кыймылы соңку 20 жылда биринчи жолу баш калаа Кабулга кирди. Жоочулар президенттик сарайды ээлегени белгилүү болду. Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18