24.kg
13:51, 13 августа 2021, 24.kg

Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды

Садыр Жапаров бүгүн, 13—августта, уулу менен бирге коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын экинчи дозасын алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет

Мамлекет башчысы вакцинанын экинчи дозасын борбор калаадагы мобилдик эмдөө пункттарынын биринде алды.

Мекендештерге кайрылып жатып Садыр Жапаров ар бир кыргызстандык үчүн эмдөөдөн өтүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Ал Кыргызстанда бүгүнкү күндө эмдөөдөн өткөн жарандардын саны дагы деле аз болуп жатканын өкүнүү менен белгиледи.

«Өлкөнүн бардык жарандарын активдүү түрдө вакцина алууга чакырам. Бул вирусту жеңүү үчүн четте карап турбастан коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүү зарыл. Биз бул илдеттин абдан олуттуу экенин түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан мен бардык кыргызстандыктарды бул маселеге мүмкүн болушунча активдүү катышууну өтүнөм», — деп кайрылды Садыр Жапаров өлкө жарандарына.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18