24.kg
14:46, 12 августа 2021, 24.kg

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууга Айбек Жунушалиев дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 12-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып Айбек Жунушалиевди дайындаган буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

45 жаштагы Жунушалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп 10 күн мурда дайындалган Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин бүгүн социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган. Ал «кызматты тапшырууда эч кандай саясат жок экенин» билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18