24.kg
09:29, 12 августа 2021, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 417 кишиден вирус аныкталып, 6 киши каза болду

Кыргызстанда 12-августка карата коронавирус дагы 417 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 201, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 83, Ош облусунда — 13, Талас облусунда — 17, Нарын облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда — 38, Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда — 27 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 743 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 111, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 261, Ош облусунда — 35, Талас облусунда — 10, Нарын облусунда — 37, Ысык-Көл облусунда — 92, Жалал-Абад облусунда — 119, Баткен облусунда — 76 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Ысык-Көл жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 382 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 771 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 639 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 221 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 770 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 794 киши айыгып чыкса, 2 миң 426 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18