24.kg
09:14, 11 августа 2021, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 382 кишиден вирус аныкталып, 7 киши каза болду

Кыргызстанда 11-августка карата коронавирус дагы 382 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 218, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 52, Ош облусунда — 17, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 39, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда — 25 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 771 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 132, Ош шаарында — 6, Чүй облусунда — 224, Ош облусунда — 27, Талас облусунда — 13, Нарын облусунда — 42, Ысык-Көл облусунда — 74, Жалал-Абад облусунда — 118, Баткен облусунда — 135 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 455 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 31 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 634 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 183 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 353 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 51 киши айыгып чыкса, 2 миң 420 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18