24.kg
18:57, 10 августа 2021, 24.kg

Жириновский Кыргызстандын Москвадагы элчилиги алдында акция өткөрдү

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында бир канча тарапташы менен нааразылык акциясын өткөрдү. Бул тууралуу анын Телеграм-каналында кабарланды.

«Биздин чыдам кетип баратат, Орусиядагы эмгек мигранттарынын санын кыскартууну жана экономикалык байланышты басаңдатууну талап кылабыз», — деп айтылат анда.

Жириновский Бишкекте бир эркек киши орус тилинде сүйлөгөн тейлөөчү кызды колундагы калькулятор менен чаап ийген окуядан улам Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртып алып, бардык соода-алаканы токтотууну талап кылган.

Ал Кыргызстандык эмгек мигранттарын депортация кылууну да талап кылган.

Photo 222848

2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жиберген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18