24.kg
16:55, 06 августа 2021, 24.kg

Таалайбек Сарыбашов Бишкектин «жашыл шаар» макамын бекемдетмекчи

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов мэриянын аппаратындагы бөлүм башчылар менен жыйын куруп, ар бир тармак боюнча тапшырмаларды берди.

«Негизги иштерди жасай тургандар сиздер. Сиздерге чейин район акимдерин кабыл алдым. Аларга укуктарын кеңейтиш керек. Ар бири өз районундагы көйгөйлөрдү чечип, айрыкча тазалык, жашылдандыруу маселелерине жооп бериши керек. Ал эми сиздер ар бириниздер өз тармагыңыздарда жоопкерчилик мене иш алып барыңыздар. Жаңы мэр келди, жаңы команда келет деп ойлобогула. Менин командам силерсиңер. Кыргызстанда бардык маселени президентке жүктөп коюшат. Андай эмес, ар бирибиз өз функционалдык милдеттерибизди аткаралы.Шаардык мэрия мыкты иштесе элдин бийликке болгон, өлкө башчысына болгон ишеними артат. Демек биз ишибизди мамлекет үчүн жасашыбыз керек», — деди мэр.

Сарыбашов буга чейин «жашыл шаар» аталган Бишкекти көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалык иштерине өзгөчө көңүл бурула турганын баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18