COVID-19. ПЧР анализ тапшыруу үчүн дистанциондук жазылуу сервиси ишке кирди
ПЧР-изилдөөгө анализ тапшырууну каалагандар үчүн шарт түзүү максатында, 2021-жылдын 6-августунан баштап Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде кол-центр уюштурулду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык,
Сокулук районунун Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпид көзөмөлдөө борбору, дареги: Сокулук а., Ленин көчөсү, 112. (иштөө графиги 9-00 — 13-00гө чейин, 0500 22-04-92, жыйынтыгы эртеси күнү саат 11-00 — 13-00гө чейин берилет); Аламудун районунун Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпид көзөмөлдөө борбору, дареги: м-н Городок Энергетиков, Зеленная көчөсү, 3а. (иштөө графиги 9-00дан 13-00гө чейин, 0700 71-77-02 жыйынтыгы эртеси күнү саат 11-00 — 13-00гө чейин берилет); Ысык-Ата районунун Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпид көзөмөлдөө борбору, дареги: м-н Кант ш., Ленин көчөсү, 43 (иштөө графиги 9-00 — 13-00гө чейин, 0709 05-95-00, жыйынтыгы эртеси күнү саат 11-00 — 13-00гө чейин берилет).