24.kg
14:10, 05 августа 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Түркмөнстанга жөнөп кетти. Аны менен кошо ким кетти?

Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына (Түркмөнстан) жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар талкууланат.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева;
  • министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;
  • ички иштер министри Улан Ниязбеков;
  • энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев;
  • транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
  • мМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев.
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18