24.kg
13:10, 04 августа 2021, 24.kg

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтөт

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында пландаштырылган иш-чаралар эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов майрамды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Жоопкер мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары белгилүү датага карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Белгиленгендей, бүтүндөй республика боюнча 40 ашуун иш-чаранын өткөрүлүшү пландаштырылган.

Борбордо аскер парады, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, «Манас» эпосун айтуучулардын фестивалы өткөрүлөт.

Улукбек Марипов иш-чаралардын жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов мамлекеттик органдарга, анын ичинде майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана Баткен облусундагы курулуш иштерин тездетүүгө финансылык каражаттарды өз мөөнөтүндө бөлүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18