24.kg
12:32, 04 августа 2021, 24.kg

Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, дароо камалаарын Баш прокуратура билдирди

Эгер мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо же аны укук коргоо органдары алып келишсе ал беш жыл мурдагы сот өкүмүнүн негизинде дароо камакка алынат. Бул тууралуу Баш прокуратура билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, беш жыл мурда, 2016-жылдын 29-июлунда Бакиев сыртынан соттолгон жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя жана башка эпизоддор үчүн 30 жылга эркинен ажыратылган.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Мурдагы президент жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Башкы прокуратура мурдагы президент Аскар Акаев Кумтөр боюнча Бишкекке алынып келип, азыр тергөө менен активдүү кызматташып жатканын билдирди. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18