24.kg
09:53, 04 августа 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери менен жолугат

Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынары пландалууда.

Садыр Жапаров ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында мүчө-мамлекеттердин экономикалык форумуна, региондогу өлкөлөрдүн лидер аялдарынын форумуна, ошондой эле Борбордук Азиянын улуттук өндүрүштөгү товарларынын жана улуттук тамактарынын көргөзмөсүнө катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18