24.kg
12:48, 03 августа 2021, 24.kg

Жаза аткаруу кызматынын төрага орун басары коррупцияга шектенүү менен кармалды

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиевди кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Нуралиев абактагыларды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгондордун шарттарын жумшартууда туруктуу коррупциялык схема уюштурган. Ошондой эле, бөлүмдүн ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерин жашырган.

2-августта Таалайбек Нуралиевдин иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3500 доллар, 59 миң сом, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын октору алынган.

Жашаган жеринен ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле, түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылган.

Нуралиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18