24.kg
16:46, 02 августа 2021, 24.kg

Улукбек Марипов Токиодогу Олимпиадага катышып жаткан спортчуларга кайрылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Токио (Япония) шаарындагы XXXII жайкы Олимпиадалык оюндарга катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүнө кайрылды.

«Кымбаттуу спортчулар,

Бүтүндөй өлкө Олимпиада оюндарындагы сиздердин катышууңуздардагы оюндарды толкундануу менен кунт коюп көрүүдө. Олимпиадалык оюндарга катышуу — бул ар бир спортчу үчүн чоң намыс, ошол эле учурда анын кесипкөйлүгүн жана сиңирген эмгегинин таанылышы.

Биздин Олимпиадалык курама командабыз машыктыруучу курам менен биргеликте сыймактынууга татыктуу. Сиздер өлкөбүздүн намысын мыкты деңгээлде коргоп жатасыздар. Сиздер өжөрлүгүңүздөргө, эмгекчилдигиңиздерге жана тайманбас духуңарга жараша олимпиадалык деңгээлге татыктуу экендигиңиздерди далилдей алдыңыздар.

Сиздердин ар бириңиздер — күжүрмөн жоокерсиздер, биз сиздерге ишенип, ар бир жыйынтыкка кубанып турабыз. Сиздер биз үчүн жеңүүчү жана баатырсыздар! Биз сиздердин жеңишке ишенебиз жана бул таймаштарда Кыргыз Республикасынын желеги дагы да желбирейт деп үмүттөнөбүз!» — деди Улукбек Марипов".

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18