24.kg
11:14, 02 августа 2021, 24.kg

Кыргызстанда жаңы окуу жылына даярдык көрүлүүдө

Кыргызстанда жаңы окуу жылына даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева брифингден билдирди.

Анын айтымында, эмдөө жана реалдуу убакытта окутуу боюнча жаңы окуу жылына даярдыктар жүрүп жатат.

«Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбиячылардын 80 пайыз, мектеп мугалимдеринин арасында 70-80 пайыз, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү 60 пайыз жана жогорку окуу жайларынын 54,5 пайыз мугалимдери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү. Айрым билим берүү мекемелеринде 100 пайызга эмдөө жүргүзүлгөнүн белгилейм», — деди Абдылдаева.

Анын айтымында, Билим берүү министрлиги менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вирустук жугуштуу ооруларды эске алуу менен жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18