24.kg
16:08, 30 июля 2021, 24.kg

Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында жүздөгөн киши топтолду

Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан «Фотехобод» («Ойбек») көзөмөл өткөрмө бекетинде Орусияга кетүүнү көздөгөн жүздөгөн киши чогулду.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапкандан кийин көптөгөн тажикстандыктар Орусияга Өзбекстандын аймагы аркылуу кете башташты.

Маалыматка караганда, тажик чек арачылары коңшу өлкөгө өзбек жарандарын гана өткөргөндүктөн, чек арадан жүздөгөн киши топтолуп калган.

Тажик бийлиги бул боюнча комментарий берген жок.

Ушул тапта жүк ташуучу унааларга Өзбекстан аймагынан тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берилген. Мындан тышкары эки өлкө отосундагы каттамдар да белгиленген тартипте аткарылууда.

Чогулгандар каражаттын тартыштыгынан Өзбекстанга учак менен бара албай жатышканын айтышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18