24.kg
14:05, 30 июля 2021, 24.kg

Буудайдын баасы бир жылда 40 пайызга жогорулады

Июнь айында буудайдын баасы 29,15 сомду түзүп,  өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайызга өскөнүн көрсөттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Алардын маалыматында, буудайдын чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Бишкек (кг үчүн 31,46 сом), Токтогул (кг үчүн 30,96 сом), Исфана (кг үчүн 30,73 сом) жана Өзгөн (кг үчүн 30 сом) шаарларында, ал эми төмөн болуп — Чаек айылында (кг үчүн 18 сом), Каракол (кг үчүн 20,87 сом) жана Кара-Суу (кг үчүн 23,59 сом) шаарларында түзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында мурунку айга салыштырмалуу республикадагы буудайга чекене баа 3,4 сомго же 13,1 пайызга жогорулады.

Июль айында буудайга болгон баанын мурунку айга салыштырмалуу кыйла өсүшү Токтогул шаарларында 47,1 пайызга жана Нарын шаарларында 43 пайызга катталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18