24.kg
11:37, 28 июля 2021, 24.kg

Бостериде аквапарктын түтүгү 18 жашар баланы сордуруп кетти. Иликтөө башталды

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатында катталган адам өлүмүнө байланыштуу райондук милицияда сотко чейинки териштирүү башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 27-июлда болгон.

Көлдөн пансионаттын аквопаркына суу толтурулуп жаткан учурда диаметри 50 сантиметрлик түтүк 18 жаштагы баланы сордуруп кеткен. Маркумдун сөөгүн куткаруучулар барып, түтүктү кескенде гана алып чыга алышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка кабылган бала көлгө кесиптештери менен эс алуу үчүн Бишкектен барган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18