24.kg
12:42, 27 июля 2021, 24.kg

Бишкекте жол эрежесин бузган чет өлкөлүк автоунаалар кармалды

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 94 чет өлкөлүк автоунаа кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17нен 23-июлга чейинки аралыкта каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү унааларга карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Жол эрежесин бузган 94 чет өлкөлүк автоунаанын ичинен Россияныкы — 69, Арменияныкы — 9, Азербайжандыкы — 1, Казакстандыкы — 1, 8 жана башка чет өлкөлүк номерлүү автоунаалар.

Аныкталган автоунаалардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулуп, ар кандай багытта эреже бузган үч автоунаа айып короосуна киргизилген.

Кайгуул кызматынан аталган багытта иштер улантыла тургандыгын кошумчалашты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18