24.kg
14:25, 23 июля 2021, 24.kg

COVID-19. Садыр Жапаров уулу менен чогуу эмдөөдөн өттү

Президент Садыр Жапаров уулу менен коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Президент кыргызстандыктарга кайрылып, вакцина алуу чечими ар бир адамдын жеке иши экенин, эч ким эч кимди иммунизацияга мажбурлабастыгын айтты.

Анын айтымында, акыркы убактарда коомчулукта ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтар, анын ичинде коңшу өлкөлөр Кыргызстанга бекер вакцина берип, өлкө калкынын 70% ын эмдөөдөн өткөрүүнү талап кылып жатат деген туура эмес маалыматтар тарап жатат.

Садыр Жапаров жарандарды жакындарынын жана жалпы коомдун саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18