24.kg
11:20, 23 июля 2021, 24.kg

Кыргызстанда Олимпиада оюндарын көрсөтүү үчүн жаңы телеканал ачылды

Токио олимпиадасын толук көрсөтүү үчүн Коомдук телерадикорпорациясы (КТРК) Акнет компаниясы менен дагы бир жаңы телеканал ачты. Ал КТРК-Спорт-2 деп аталат. Бул тууралуу «Азаттыкка» КТРК-Спорт каналынын продюсери Шайырбек Арапов билдирди.

«Эл аралык спорт мелдешин Кыргызстандын аймагында көрсөтүү лицензиясын КТРК жана Акнет компаниясы алган. Кыргызстандык спортчулар катышкан мелдештерди толугу менен чагылдыруу максатында жаңы телеканал кошулду. Биздин мекендештер КТРК-Спорт жана КТРК-Спорт-2 каналдарынан каалаган оюндарын тандап көрсө болот», — деди ал.

23-июлда Жапониянын баш калаасында XXXII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи болот. Иш-чара Бишкек убактысы менен саат 17:00дө башталат.

Коронавирус пандемиясынан улам ачылыш аземи бир катар чектөөлөр менен өтүп, салтанатка аз сандагы спортчулар катышат. Кыргызстандын желегин ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Жабылуу аземи 8-августта болот.

Олимпиадага дүйнөнүн 200дөн ашуун мамлекетинен 12 миңден көбүрөөк спортчу катышууда. Кыргызстандан 16 спортчу бар. Алар 24-июлдан күч сынаша баштайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18