24.kg
11:12, 23 июля 2021, 24.kg

Бишкекте суугат иштери жүрүп жатат

22-июлга караган түнү Ала-Арча дарыясынан «Кашка Суу» платинасы аркылуу шаарыбызга 5 куб суу келди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн дарыясынан 8 куб суу жана Чыгыш ЧЧКсынан 2 куб метр суу берилген. Калаабызга берилген сууну «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын сугатчылары жана агрономдору райондор боюнча бөлүшкөн.

Суугат иштери «Ынтымак», «Ден соолук» сейил бактарында, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында жүргүзүлгөн.

Ошол эле учурда Панфилов, Тыналиев, Жукеев-Пудовкин, Байтик-Баатыр, Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүндө сугат иштери өткөрүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18