24.kg
09:02, 23 июля 2021, 24.kg

Түрк прокуратурасы Орхан Инандыга 22,5 жыл сурады

Анкаранын прокуратурасы Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги кабарлады.

Басылманын маалыматы боюнча Инанды «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыпталып, прокуратура аны кылмышка айыптаган корутундуну сотко тапшырды.

Инанды көп жылдан бери Кыргызстанда жашап, 2012-жылы жарандык алган. Ал быйыл 1-июнда Бишкекте жоголуп, дайыны чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып келгенин кабарлаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орхан Инандыны кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Орхан Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын айтып, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин маалымат жыйынында билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18