24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА
15:10, 22 июля 2021, 24.kg

Кыргызстанда пневмония менен ооругандардын саны 24 пайызга көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда  пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алардын маалыматында, бул өткөн жылдын  тиешелүү мезгилине салыштырмалуу  24,3 пайызга көп.

Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуулардын Нарын облусунда - 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында - 1,6 эсеге олуттуу көбөйгөнү белгиленди. Ошол эле учурда, оорулардын саны Баткен облусунда - 25,3 пайызга жана Талас облусунда - 20,1 пайызга төмөндөдү.

Пневмония оорусуна чалдыгуулардын жалпы санындагы эң чоң үлүш Чүй облусуна - 20,3%, Жалал-Абад облусуна - 17,6% жана Ош облусуна - 15,1% туура келди.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18