24.kg
09:32, 22 июля 2021, 24.kg

Тажик президентинин карындашы коронавирустан каза болгону кабарланды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова 20-июлда Дүйшөмбүдөгү өкмөттүк ооруканада кайтыш болгону кабарланды.

Анын өлүмүнүн себептери расмий түрдө айтылган эмес. Президенттин карындашынын каза болгону тууралуу маалыматты «Озоди» радиосуна Дүйшөмбүдөгү жана Дангарадагы булактар ырасташты.

Дарыгерлердин бири жашыруун түрдө Курбонби Рахмонова COVID-19 диагнозу менен ооруканага түшүп, каза тапканын тастыктаган.

Анын өмүрү үчүн дарыгерлер он күн бою күрөшүп, бирок сактап калыша алган эмес.

Тажикстандын өкмөтү президент Рахмонго 64 жаштагы карындашынын кайтыш болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

Курбонби Рахмонова Тажикстандын «Токой чарба жана мергенчилик» боюнча мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Холмумин Сафаровдун аялы болчу.

Ал 2012-жылы өзүнүн Дүйшөмбүдөгү үйүнө жакын жерден Макаров тапанчасы менен атып өлтүрүлгөн. Буга шектүүлөрдүн кылмыш иши мамлекеттик сыр катары жашырылган.

5-июлда тажик президентинин кайын энеси Узбекби Асадуллоева дагы коронавирус илдетинен каза тапкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18