24.kg
09:36, 21 июля 2021, 24.kg

Түркмөнстанда 18 жоокер белгисиз жагдайда мерт болду

Түркмөнстанда белгисиз жагдайда 18 аскер каза болду. Алардын кеминде экөө офицерлер. Бул маалыматты «Азаттыктын» түркмөн кызматына эки булак ырастады.

Маалыматка ылайык, лебаптык алты аскердин сөөгү 18-июлда жерге берүү үчүн туулган жерине жеткирилген.

Лебаптагы «Азаттыктын» кабарчысы каза болгон эки жоокердин айылдарына барып, маркумдардын сөөгү 19-июлда жерге берилгенин кабарлады. Каза болгондордун жакындарына бийлик органдары аскерлер Ашхабадга жакын жерде автокырсыкка кабылганын айтышкан, бирок «Азаттыктын» булактары буга ишенбей турушат. Себеби, маркумдардын сөөгүн түркмөн-ооган чек арасындагы Мары аймагынан алып келишкен. Ошондой эле, каза болгон жоокерлердин сөөгүн табытка салып келип, жакындарына аны ачууга тыюу салышкан.

Ооганстан менен чектешкен Мары аймагында Серхетабад жана Тахтабазар чек ара бекеттери жайгашкан. Соңку мезгилде Ооганстандагы кырдаал курчуп кеткендиктен түркмөн бийлиги аталган бекеттерге кошумча күчтөрдү тартып жаткан. «Азаттыктын» кабарчылары 18 жоокердин өлүмүнүн жагдайларын жана чынында эле автокырсыктан каза болгонун тактай элек.

Авторитардык режим өкүм сүргөн Түркмөнстанда бийлик жарандардан маалыматтарды жашырып келет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18