24.kg
14:08, 17 июля 2021, 24.kg

Түркия-Иран чек арасы күчөтүлгөн режимге өткөнү кабарланды

Түркия Иран менен чектеш чек ара бекеттерине 20 миңден ашык чек ара кызматкери жайгаштырылганын жергиликтүү Hürriyet басылмасына шилтеп «Азаттык» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Иран аркылуу Түркияга мыйзамсыз кирип жаткан ооганстандык качкындарды токтотуу жана көзөмөлдөө максатында Түркиянын ички иштер министрлиги күчөтүлгөн режимде иштөөгө өткөн. Расмий Анкаранын мындай кадамга барганына ушул аптада соцтармактарда тараган видео себеп болгону айтылууда. Анда Түркиянын Иран менен чектеш Ван аймагында миңдеген ооганстандык качкындар жөө жалаңдап чек араны өтүп жатканы көрсөтүлгөн. Бул тасма соцтармактарда кызуу талкуу жараткан эле.

Түркия-Иран чек арасынын жалпы узундугу 560 чакырымды түзөт. Анда төрт чек ара бекети турат.

Акыркы маалыматтарга караганда, АКШ баштаган эл аралык коалиция ооган жергесинен 1-майдан тарта чыгарыла баштагандан бери «Талибан» кыймылынын согушкерлери Ооганстандын 423 районунун үчтөн бирин ээлеп алды. Ал эми өлкөдөгү согуштан качкан оогандардын саны акыркы апталарда кескин көбөйгөнү айтылууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматы боюнча, жыл башынан бери 223 миң ооган мекенин таштап кетүүгө мажбур болгон. Бул сан өткөн аптада эле 56 миңден ашты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18