24.kg
14:06, 17 июля 2021, 24.kg

Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыш талкууланды

2021-жылдын 16-июлунда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Италия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин статс-катчысы Манлио Ди Стефано менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Н.Ниязалиев акыркы жылдары эки тараптуу байланыштарды активдештирүү жана саясий байланыштарды чыңдоо тенденциясын канааттануу менен белгиледи.

Тараптар жогорку деңгээлдеги иш сапарларды, анын ичинде «Борбор Азия + Италия» кызматташуу форматында уюштурууну талкуулашты.

Мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды түзүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун жана диверсификациялоонун маанилүүлүгү өзүнчө талкууланды.

Н.Ниязалиев италиялык делегацияны 2021-жылы ноябрда Бишкекте өтө турган Биринчи ЕС-СА Экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Министрдин орун басары Ди Стефано италиялык тараптын эки тараптуу кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

Тараптар өз ара кыргыз-италия кызматташтыгын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18