24.kg
09:55, 16 июля 2021, 24.kg

ДССУ: Дүйнөдө коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталды

Дүйнө COVID-19 пандемиясынын үчүнчү толкунунун алдында турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус билдирди.

«Дүйнөдө COVID-19га чалдыккандардын саны төрт жума катары менен өсүп жатат. Биз дүйнөнүн баардык аймактарында ооруканалар толуп жатканы тууралуу кабарларды угуп жатабыз. Коронавирустун «дельта» вариантынан улам ооругандардын жана каза болгондордун саны көбөйүүдө», — деди Гебрейсус.

Акыркы учурда эң жугуштуу саналган коронавирустун «дельта» варианты 111 өлкөдө аныкталды. Жакынкы мезгилде вирустун бул түрү дүйнөдө басымдуулук кылышы мүмкүн экени айтылууда.

Акыркы күндөрдөгү коронавирустун жайылышынан Аргентинада курмандыктардын саны 100 миңден ашса, Орусияда каза болгондордун бир күндүк көрсөткүчү рекорддук чекке жетти. Ал эми Британияда алты айдан бери алгачкы жолу бир суткада вирус жугузгандардын саны 40 миңден ашты.

Индонезияда вирустан каза болгондордун сөөгүн жашыруу үчүн адамдар мүрзөлөрдү казууга катышып жатса, Бирмада крематорийлер күнү-түнү иштеп жатат.

Австралиянын Сидней шаары июлдун соңуна чейин карантинге жабылды. Ал эми Испанияда түнкү коменданттык саат жарыяланды.

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18