24.kg
09:43, 16 июля 2021, 24.kg

Бишкек Тажикстанга качкан ооган кыргыздарынан улам Душанбеге кайрылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам Тажикстанга кире качкан кыргыздар тууралуу маалымат таратты.

Анда памирлик кыргыздар тууралуу маалымат текшерилип жатканы, аймактагы шарттын катаалдыгынан, байланыштын начардыгынан кандайдыр бир так, кеңири маалымат алууга мүмкүн болбой жатканы айтылат. Ошондой эле ооган кыргыздарын Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасалып жатканы белгиленген.

«Кыргызстандын ТИМи ооган кыргыздарына байланыштуу БУУнун тиешелүү бөлүмдөрүнө кайрылды. Ооган кыргыздарын тажик-кыргыз чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүп коюу өтүнүчү менен Тажикстанга нота жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул маселе президенттин, Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө экени жазылган.

Мунун алдында Тажикстандын Чек ара кызматы Ооганстанда жашаган 340тан ашуун этникалык кыргыз талибдерден качып келгенин, жолдо эки ымыркай чарчап калганын билдирген.

Анда гуманизм жана ынак коңшулук принциптерин карманып, ооган кыргыздарын өз аймагына киргизгени, качкындар Мургабдагы Кызыл-Рабат айылындагы Чоштепа жана Дуйтук участогуна жайгаштырылганы кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18