24.kg
15:21, 15 июля 2021, 24.kg

Ооганстандагы кырдаал Ташкентте «С5+1» форматында талкууланды

2021-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын делегациясы Ташкент шаарында өткөн «С5+1» форматындагы (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ) кезектеги жолугушууга катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Жолугушууда Афганистандын аймагынан коалициялык аскерлердин чыгып кетишине байланыштуу бул өлкөнүн айланасындагы кырдаал талкууланды. Кыргыз тарабы Афганистандан келип чыккан чек ара коркунучтарына тынчсыздануусун билдирип, чыр-чатакты жөнгө салууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, бул биринчи кезекте афган ичиндеги диалогго негизделиши керектигин билдирди.

Мындан тышкары, коронавирус пандемиясынын терс кесепеттерин жоюу темасы, анын ичинде вакциналарды мамлекеттер арасында бирдей бөлүштүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары Афганистандан келип чыккан коркунучтарга каршы туруу жана туруктуулукту бекемдөө каражаты катары экономика жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга макулдашышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18