24.kg
15:19, 15 июля 2021, 24.kg

Ооганстандан Тажикстанга качкан кыргыздарды Кыргызстанга алып келүү сунушталды

Ооганстандан Тажикстанга качкан кыргыздарды Кыргызстанга алып келүү сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов билдирди.

Ал Ооганстанда күч алган «Талибан» кыймылынын качкан Кичи Памирдеги этникалык кыргыздардын абалына токтолду.

«Мекендештерибиз Тажикстанга качып келиптир. Аларды Кыргызстанга алып келиш керек», — деди ал.

Памирлик кыргыз Турганбай Абдулвахид уулунун айтымында, Кичи Памирден 300гө жакын кыргыз Тажикстанга жөнөп кеткен.

«77 эмес, 300 киши чыгып кетиптир. Алар Тажикстандын Мургаб районуна жайгашты. Кыргызстанга өтүп кетели деген ойдо ооган-тажик чек арасын өтүштү», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18