24.kg
13:23, 15 июля 2021, 24.kg

COVID-19. Вирус 1 миң 290 адамдан табылып, 10 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 15-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 290 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 726, Ош шаарында — 53, Чүй облусунда — 176, Ош облусунда — 72, Талас облусунда — 19, Нарын облусунда — 18, Ысык-Көл облусунда — 56, Жалал-Абад облусунда — 55, Баткен облусунда — 115 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 29 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 575, Ош шаарында — 96, Чүй облусунда — 130, Ош облусунда — 40, Талас облусунда — 18, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 23, Жалал-Абад облусунда — 66, Баткен облусунда — 78 бейтап айыгып чыкты», — дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18