24.kg
09:59, 15 июля 2021, 24.kg

Орусия жаңы тажик-ооган чек ара тозотун курууга көмөктөшөт

Тажик-ооган чек арасындагы заманбап чек ара тозоту Орусиянын жардамы менен курулат. Бул тууралуу Орусия президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов РИА Новости агенттигине билдирди.

«Бул долбоор ишке ашып жатат, Тажикстанга бардык каражат бөлүнгөн, чек ара тозоту курулат», — деди Кабулов.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров май айында Душанбеге барганда Орусия менен Тажикстан тажик-ооган чек арасында заманбап чек ара тозотун куруу боюнча келишимге кол коюшу ыктымал экенин айткан.

Тозот мамлекеттик чек аранын кайсы тикесинде курулары жана ага канча каражат бөлүнгөнү айтыла элек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18