24.kg
16:19, 13 июля 2021, 24.kg

Москвада кыргыз-тажик мушташы. Элчилик чагымчылыкка алдырбоого чакырат

Москвада болуп өткөн кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын ортосундагы мушташ боюнча Россиянын тиешелүү компетенттүү органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын РФдагы элчилиги билдирди.

Алардын маалыматында, элчилик Кыргызстандын жарандарына туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүп жатат.

«Кыргыз жарандарына кол салынгандыгы тууралуу соцтармакта тарап жаткан маалымат боюнча түшүндүрмө берүүнү туура көрдүк. Социалдык тармактарда таратылып жаткан улуттар аралык негиздеги чыр-чатактын келип чыгуусу жөнүндөгү маалыматтар чындыкка дал келбейт. Такталбаган маалымат тарап жатат. Андыктан элчилик кыргыз жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуу болууга жана Россиянын мыйзамдарын бузбоого чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин билдирүүсүндө, окуя 12-июлда эмес, 9-июлда болгон.

Эскерте кетсек, ЖМКлар Москванын Химки районунда кыргыз-тажик жарандары ортосунда массалык мушташ чыкканын жазып чыгышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18