24.kg
10:19, 13 июля 2021, 24.kg

Тажикстанда сексуалдык зомбулук үчүн жаза катаалдаштырылууда

Тажикстанын Кымыш кодексинин жаңы редакциясында сексуалдык зомбулук көрсөтүү үчүн жаза катаалдаштырылды. Бул тууралуу өлкөнүн юстиция министринин орун басары Шараф Каримзода билдирди.

Анын айтымында, парламент мыйзам долбоорун беките элек, талкуу жүрүп жатат.

«Бардык министрликтер менен ведомстволор сексуалдык зомбулук үчүн жоопкерчиликти катаалдаштырууга макулдук беришти», — деп кошумчалады Шараф Каримзода.

Тажикстанда 4-июлда сегиз жаштагы Руфейда Иноятованын зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомдо чоң резонанс жаратты. Социалдык түйүн колдонуучулары менен жарандык активисттер зордукчулар үчүн жазаны күчөтүүнү талап кылышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18