24.kg
10:18, 13 июля 2021, 24.kg

Кыргызстанда 20 миңдей адам жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Кыргызстанда 4 554 аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 12-июлда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында айтты.

«1186 жер көчкү калктуу конуштарга жана объектилерге коркунуч жаратууда. Бардык жер көчкүлөрдүн 93% Ош жана Жалал-Абад облустарында. Бүгүнкү күндө 543 калктуу конуштар жана участоктор, 321 ар кандай объектилер жер көчкү болчу жерде жайгашкан. Ал аймактарда 20 миңдей адам жашайт».

Кыргызстан жер көчкү коркунучу өтө кооптуу болгон 48 участокту коопсуз абалга келтириш үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 35 миллион доллар алып жатат. Анын ичинен 23,5 миллион доллары грант, 11,5 миллион доллар насыя. Кыргыз тарап жер көчкүлөрдү зыянсыздандырууга бюджеттен төрт миллион доллар бөлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы 39 миллион долларга кооптуу аймактардагы көчкүлөрдү кертип түшүрүп тазалайт.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет бул долбоорду каржылоо боюнча сунушту колдоду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18