24.kg
10:17, 13 июля 2021, 24.kg

Аксыдагы селде алты адам каза болду

Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде алты киши каза болду. Дагы эки адам изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Арасында бала да бар.

Түндө эки эркектин жана төрт аялдын сөөгү табылган. Алардын тек-жайы такталып жатат.

«Азаттыктын» аймактагы кабарчысы жергиликтүүлөргө таянып билдиргендей, сел агызып кеткендердин арасында Жаңы-Жол айылынын тургундары да бар.

Көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18