24.kg
11:06, 11 июля 2021, 24.kg

Бишкекте саат 10.00гө карата шайлоочулардын 3,53 пайызы добуш берди

Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо саат 10:00гө карата 15 миң 59 жаран добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 3,53%ын түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 426 миң 699 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

Райондор боюнча алганда:

-Ленин районунда 4 миң 642 жаран добуш берди, ал шайлоочулардын 3,68%ын түзөт;

-Октябрь районунда 3 миң 706 жаран, 3,44%;

-Биринчи май районунда 3 миң 702 жаран, 3,97%;

-Свердлов районунда 3 миң 900 жаран, 3,01%.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18