24.kg
08:45, 11 июля 2021, 24.kg

Саат 8:00дөн баштап үч шаарда 326 шайлоо тилкеси ачылды

Бүгүн, 11-июль, саат 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо башталды. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, үч шаардагы шайлоого аттанган партиялардан 2 миң 204 талапкер көрсөтүлгөн, 121 талапкер депутаттык мандатын алат. Бишкекте 18, Ошто 8, Токмокто 6 партия катышууда.

Шайназаров шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту 3 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөй турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо кечки саат 20:00гө чейин уланат.

Эскерте кетсек, аталган шаарларда добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18